Тажикстанда кичи автобус жардан кулап, алты киши каза болду

Тажикстандын Согди облусунда кичи автобус жардан кулап, алты киши каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, кырсык Душанбе-Ходжент-Чанак унаа жолунда орун алган. Каза болгондордун баары Согди облусунун тургундары экени айтылды. Мындан сырткары дагы 4 киши жараат алып, ооруканага жеткирилгени белгиленди.

Анда Starex үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, 200 метрлик жардан кулап кеткен.

Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан