Өлкөдө акыркы жумада коронавирустун 12 жаңы учуру катталды

Өлкөдө 24-апрелден 1-майга чейин СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккан 12 адамдын үчөө ооруканага жаткырылган.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1 пайыздан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жана 2023-жылдын 4 айында жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 140 учуру катталды, анын ичинен 20 129 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан