Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майдан 5-майга чейин тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөрүн эскертет.
Маалыматка ылайык, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"2-майдан 5-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот", - деп билдиришти мекемеден.