ӨКМнын куткаруучулары "Комсомол" чокусуна чыккан альпинисттерди коштоду (фото)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Эдельвейс" куткаруучулар кошууну "Альпиниада – 2023" иш-чарасын коштоду. Аталган саамалык тоо туризмин өнүктүрүү максатында 30-апрелден 1-майга чейин орун алды.
Эл аралык салттуу алпиниада "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз альпинисти Эдуард Кубатовдун жетекчилиги алдында өттү.
"4170 метр бийиктиктеги “Комсомол” чокусуна 700дөн ашык каалоочулар жана альпинисттер чыгып, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн “Эдельвейс” куткаруучулар кошууну коштоп жүрүштү.
Тоого чыгуу учурунда куткаруучулар жабыр тарткан эс алуучуларга алгачкы жардамдарын көрсөтүштү. Нөөмөтчү топко артериалдык кан басымы жогорулагандар жана түшүп кеткендер, тоо-таштан буту-колун оорутуп алгандар жана башка оорулар менен кайрылышкан, жалпысынан 21 адамды тоодон түшүрүштү" деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Иш-чаранын соңунда өлкөнүн Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жана катышуучулар “Эдельвейс” куткаруучулар кошуунуна ыраазычылыктарын билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан