Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында үшүк жүрөт

Өлкө аймагында үшүк жүрө турганын эскерткен Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.

Маалымдалгандай, 3-6-май күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүн.

"3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан