Бүгүн, 2-майда президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода Согди облусунун жетекчилери жолукту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууга эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.
Анын алкагында эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш-тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлдү.
Ошондой эле;
- учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу,
- сугат сууну пайдалануу,
- сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо,
- көпүрөөлөрдү, жолдорду оңдоо маселелери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.
Эки тараптуу комиссия үстүбүздөгү жылдын 4-майында Лейлек районунун Максат айылында жолугушуусу пландалды.
Белгилей кетсек, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатын көздөйт.