3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Бишкекте түнкүсүн 1…3, күндүз 15…17 градус жылуу болот.