Орусиялык модельер Валентин Юдашкин каза болду 

Орусиялык модельер Валентин Юдашкин 59 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу "Первый канал" телеканалы маркумдун жубайына шилтеме берүү менен маалымдаган.

Ага ылайык, модельер 2016-жылдан бери рак менен күрөшүп келет.

Белгилей кетсек, Валентин Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Орусиянын Баковка кыштагында туулган. Бала кезинде эле анын сүрөт тартууга таланты байкалган.

Ал 1986-жылы Москвадагы Индустриалдык техникумун артыкчылык менен аяктаган. 1988-жылы 25 жаштагы Юдашкин Союзтеатрынын алдында "Vali-Мода" ишканасын ачат. Буга көңүл бурган франциялык моданын адистери аны Парижге чакырышкан. Модельер 1991-жылы Парижде эң алгачкы кийимдер коллекциясын көпчүлүктүн назарына койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан