«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан реабилитациялык борбордун аймагында, тагыраак айтканда Киев жана Шопоков көчөсү менен кесилишине унаа токтотуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Унаа токтотуучу жайлар 3 унаага ылайыкталып, 89 метр ысыкпластик менен жол сызыктары чийилди.
ГОСТко ылайык, жакынкы күндөрү 6.4 «Токтоочу жай (паркинг)» жана 8.17 «Майыптар» белгиси менен бириккен 3 даанадан жол белгилери орнотулат.
"Буга чейин реабилитациялык борбордун жанындагы унаа токтотуучу жайга жөнөкөй жарандар унааларын токтотуп, ал эми майыптыгы бар балдары менен ата-энелер унааларын алыс таштап, борборго жетүүгө аргасыз болгондуктан майып балдардын ата-энелери унаа токтотуучу жайды уюштуруп берүү боюнча кайрылышкан", - деп билдиришти мэриядан.
Эске салсак, «Бирге ден соолук» коомдук фондунун алдындагы «Нур+» реабилитациялык борбору Киев көчөсүндөгү Республикалык диагностикалык борбордун 4-кабатында жайгашкан.