Азербайжанда машыктыруучу 7 жашар баланы машыгуу учурунда сабап өлтүрдү (видео)

Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов өз тарбиялануучусу болгон жети жаштагы баланы сабап өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, шаардагы белгилүү спортчулардын бири болгон Халилов жашы жете элек балага орой жана коркунучтуу ыкманы колдонгон. Натыйжада баланын моюну сынып кеткен. Бала балдар ооруканасына жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Үрөй учурган окуя спорт мектебинде орнотулган көзөмөл камерасына тартылып калган. Кадрда машыктыруучу баланы тепкилеп, чачынан тартып тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Учурда Мехман Халилов кармалды. Ага карата “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Машыктыруучу 7 жашар баланы машыгуу учурунда сабап өлтүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ErkinOkenovich
2023-05-02 19:26:00
Бул машыктыруучуну өмүр бою түрмөгө камаш керек, чыкпас кылып
0
Таксист бала
2023-05-02 19:58:00
Камерага тушпогон башка канчалаган балдар зомбулукка кабылып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан