
Быйылкы жылы өлкө боюнча 54 миллион сом фитир-садака топтолду. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
"2023-жылы фитир-садака жыйноодо өлкө боюнча 53 миллион 824 миң 441 сом топтолду. Анын 657 миң 881 сому РСК, 900 557 сому Мбанк аркылуу жыйналды. Фитир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүндү", - деп билдиришти Муфтияттан.
Фитир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 миллион 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.