Бүгүн, 2-майда Нарын облусундагы Чой-Жап өрөөнүнө калың кар жаады.
Аталган өрөөнгө малчылар малдарын алып чыгышкан. Жыйынтыгында калың кар жаап, малчылар кыйналууда.
"Мына Чой-Жапты болсо кар басып калды. Кой кошкондор чөп жөнөтпөсөңөр болбойт. Эптеп койду айдап келип сарайга камадык", - деди видеонун автору.