Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында сатып алынган.
Долбоордун максаты - COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.
Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы заманбап көчмө гемодиализ аппараттары болуп эсептелинери айтылды.
Жабдуулар саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду.
Алар: