Кыргызстанда төрт айда 55 адам менингит оорусуна чалдыкты

Кыргызстанда 4 ай ичинде бактериалдык менингит оорусу менен жабыркаган 55 адам катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, менингококк инфекциясы аба аркылуу жугат.

Менингиттин негизги белгилери:

  • Тамакка болгон табит жоголот;
  • Алсыздык;
  • чыйрыгуу, кусуу;
  • катуу баш оорусу;
  • дене табынын көтөрүлүшү.

Жогорудагы белгилер байкалганда тез арада дарыгерге кайрылуу зарыл. Өз алдынча дарылануу сунушталбайт. Анткени үй шартында дарылануу ооруну оорлоштуруп жибериши мүмкүн. Менингитти дарылоо стационардык шартта дарыгерлердин катуу көзөмөлүндө болушу керектиги маалымдалды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан