10-майдан 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" мекемесинен билдирет.
"Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.
Автоунаа менен каттамыңызды алдын ала пландап коюуңузду суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автоунаа жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүп жатат.