Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Атыр Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралууда.
19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахматованын 2022-жылга карата өлкөдө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын четке каккан. Андан соң төрага Нурланбек Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун киргизгенин жарыя кылган. Бирок отставкага кетирүүгө эмне себеп болгону айтылган эмес.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча Жогорку Кеңеш акыйкатчыны дайындоого жана мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Жылына бир жолу аткарган иши тууралуу баяндамасын угат.