Калаа башчысы жаңы курулган таштанды полигонго барды (сүрөт)

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров санитардык полигондо көчмө жыйын өткөрдү. Анда мэр райондук ички иштер бөлүмүнө санитардык полигондун аймагындагы жер тилкесин сатуу боюнча бүтүмдүн мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы түтүндү өчүрүү процесси менен таанышты.

Ошондой эле мэр жаңы курулган санитардык полигондун аймагына барды, ал жерде даярдык иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда таштанды таштоочу жайда таштанды иргөө менен алектенген «Бекен Дос» ишканасынын объектилери демонтаждалууда. Ошентип темир тосмо жана 12 объект (40 тонналык 8 контейнер, 2 темир вагон жана 2 күркө) алынды.

Буга чейин “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы аталган ишкана менен келишимди бир тараптуу бузган.

Компания таштандыларды иргөөчү базаны 2 гектар аянтты ээлеген санитардык полигондо ижарага алган. Бирок ал өрт коопсуздугунун талаптарына жана башка керектүү стандарттарга жооп берген эмес. Ошондой эле аймакты ыктыярдуу бошотуу талабын аткарбай келген. Ошол себептен ишкана объектилерди демонтаждап, аймакты бошотууда. Жеринде «БСП» муниципалдык ишканасынын атайын техникасы иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан