Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирди.
Абдрахматованы кызматтан алууну "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы сунуштап, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети колдогон.
Ал эми бүгүн жалпы жыйында аны кызматынан бошотуу сунушуна 50 депутат "макул", бешөө "каршы" добушун берди. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен сунуш колдоо тапты.