Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Макколдун жана Мамлекеттик департаменттин "Азаттык" боюнча кайрылуусуна комментарий берди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан.
Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө.
Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз" деген жазды ал.
Буга чейин АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол соттун “Азаттыкты” жабуу чечими боюнча пикирин билдирген. Анда ал абалды ЖМКга көрсөтүлгөн кысым катары баалаган. Мындан тышкары бийликти "Азаттыкты" жабуу чечимин жокко чыгарууга жана бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырган.
Маалымат үчүн: Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон. Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. "Азаттык Медиа" ал материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.
27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттыктын” редакциясынын ишин токтотуу чечимин кабыл алган.