Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов жеке ишкерлердин чет өлкөдөн алып келген унаалары камакка алынып жатканын билдирди.
"Мага Европадан, АКШдан жана Дубайдан унаа ташыган жарандар кайрылууда. Алар сатуу үчүн чет өлкөдөн 5тен 15ке чейин унааларды алып келишет экен. Бажыдан өтүп, унааны каттоодон өткөрүп, мамлекеттик номур алгандан кийин аларга иш козголуп, унааларын алып коюп жатышыптыр. Ошончо мамлекеттен уурдалган эмес, таза машина деп өтүп келгенден кийин мындай болбош керек ", - деди Осмонов.
Ошондой эле ал бул маселени парламентте кароону сунуштады.