АКШ президенти Жо Байден АКШ-Мексика чек арасына кошумча 1500 америкалык аскерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аскер кызматкерлери чек арачылардын ишин толуктайт, бирок укук коргоо операцияларын жүргүзбөйт. Алар мониторинг жана маалымат чогултуу менен гана алек болот.
Учурда чек арачыларга жардам көрсөтүү үчүн Улуттук гвардиянын күчтөрү тартылды.
Бул кадам COVID-19 чектөөлөрү алынгандан кийин мыйзамсыз иммиграциянын көбөйүшүнө даярдыктын бир бөлүгү катары саналат.