Кагылышуу жүрүп жаткан Судан өлкөсүнөн Кыргызстандын 6 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Кыргыз жарандары кечээ, 2-майда Хартум-Москва каттамы боюнча эвакуацияланган.
"Орусия өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуация каттамы Москва шаарына келгенде Кыргыз жарандарын элчиликтин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырышты. Бүгүн, 3-майында элчилик Кыргыз жарандарын аэропорттон узатууга жана Москва-Бишкек каттамы боюнча учууга катталууга көмөк көрсөттү", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка Кыргыз жарандарын Судандан ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.