Чүй облусунун аймагындагы эс алуу жайларына жакын жерлерге посттор орнотулат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-9-май майрам күндөрү Чүй облусунун аймагындагы эс алуу жайларына жакын жерлерге коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузууларды жана жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында посттор орнотулуп, ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылына көзөмөл жүргүзүшөт.
"Жарандарды жана айдоочуларды эс алуу учурунда кырсыктарды болтурбоо үчүн бардык коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.