"120 миң үй-бүлөгө 10 литрден өсүмдүк майы берилет". Министрлер кабинети бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алды

Бүгүн, 3-майда Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында аз камсыз болгон 120 миң үй-бүлөгө бир жолку жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жыйындын күн тартибинде тогуз маселе коюлуп, ага кошумча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси дагы каралган.

Жыйынтыгында министрлер кабинети 120 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бирине 10 литрден өсүмдүк майын берүү чечимин кабыл алды.

Андан сырткары, Мамлекеттик бажы кызматынын символикасы Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) желеги менен окшош болгондуктан Министрлер Кабинетинин чечими менен жаңы символика кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан