Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинде жаңы стела орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, стелла Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Дэн Сяопин проспектиси менен Барпы Алыкулов көчөсүнүн кесилишине орнотулду.
Стелланын бийиктиги 11 метрди түзөт. Ага ак илбирстин скульптурасы, "Бишкек" деген жазуулары орнотулуп, ошондой эле аймагы көрктөндүрүлдү.