Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына чек арадан ID-карта менен өтүүгө уруксат берүү боюнча эл аралык келишимди жактырды.
Талкуу маалында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев белгилегендей, протоколду ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Анткени протокол эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик өтүү, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны документ катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. Тагыраагы, буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү.
Ошондой эле буга чейин 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек болчу, эми бул норма алып салынат жана балдарга жалпы жарандык паспорт колдонулат.
Мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Эми ага президент кол коюшу керек. Ал эми коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзийоев келишимди өткөн аптада бекиткен.
Белгилей кетсек, жаңы ченем 27-январда Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашылган.