Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Ал 27-апрелде Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолугушканын, бул маселе ошол жерде сүйлөшүлгөнүн айтты.
"Анда биздин жарандарга, жүк ташуучу айдоочуларга виза берүү маселесин талкууладык. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визадан бошотуу боюнча да сөз болду. Жалпысынан алганда Кытай тарап бул маселе боюнча сүйлөшүүгө даяр", - деди Кулубаев.
Ошондой эле ал коопсуздук жана башка иштер боюнча тийиштүү мекемелер иликтеп чыккандан кийин кыргыз тарап өз сунушун киргизерин кошумчалады.