Жалал-Абаддагы көк бөрү: Камчыбек Ташиев байгеге 1 миллион сом берди (фото) 

Жалал-Абадда өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын расмий ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Мелдеште өлкөнүн жети дубанынан келген 35 команда ат салышууда. Турнир милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүдө.
Ачылыш аземге катышкан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев байгеге УКМКнын өздүк курамынын атынан бир миллион сом берип, Жалал-Абад ОИИБге автоунаа тапшырды.
Мелдеш 2-майда башталган, 9-майга чейин уланат.
Эске салсак, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде Улуттук көк бөрү федерациясын жетектеп турган.
Камчыбек Ташиев көк бөрү боюнча мелдештин байгесине 1 миллион сом берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан