Украинанын президенти Владимир Зеленськийдин кеңсеси 3-майда Кремлге пилотсуз учактын чабуулуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Украина президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров маалымат каражаттарына комментарий берип жатып, Украина чет өлкөлүк аймактарга кол салбайт деп айтты.
"Кремлге түнкү чабуулдар деп аталган окуя боюнча бизде эч кандай маалымат жок. Бирок, президент Владимир Зеленский бир нече жолу белгилегендей, Украина колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарын бошотууга, башкаларга кол салбоого багыттайт", - деген Никифоров.
Ал ошондой эле окуяны теракт деп атаган орус бийлигинин сөздөрүн сынга алды.
Бүгүн, 3-майда Кремль Орусия президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруу аракети жасаганын билдирген.
Орус бийлиги муну 9-майдагы параддын алдында президентке кол салуу аракети деп баалады.