Азербайжанда машыгууда баланын өлтүрүлүшү: Баланын атасы билдирүү жасады

Азербайжанда машыктыруучусунун токмогунан каза болгон жети жаштагы Фарид Бакаровдун атасы Реваз Бакаров Европа оюндарынын коло байге ээси Мехман Халиловдун эң катаал жазага тартууга чакырды. Бул тууралуу Азербайжандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Баламдын күнөөсү эмнеде? Нерв болсоң иштебе. Үч күндөн бери уктай элекмин. Кантип мынча таш боор болосуң? Баланы чачынан алып ыргытат. Мага өлүм тууралуу эртең менен кабарлашты, мен дароо жетип келдим. Ошол күнү ал машыктыруучуга эмне болгонун билбейм. Бала болгону 7 жашта болчу. Аны үйгө алып келишкенде бүт денеси көгала экен. Бул кулагандан болушу мүмкүн эмес. Аны жөн эле сабаган. Бул кылган иши үчүн бул адам Азербайжандын мыйзамдарында каралган эң оор жазаны алышы керек", - деген Реваз Бакаров.

28 жаштагы Халилов 2019-жылы Европа оюндарынын коло байге ээси, ошондой эле 2018 жана 2023-жылкы самбо боюнча Европа чемпионаттарында үчүнчү орунду алган.

Буга чейин Азербайжандын Сумгаит шаарында дзюдо жана самбо боюнча машыктыруучу, Европа оюндарынын коло байгесинин ээси Мехман Халилов өз тарбиялануучусу болгон жети жаштагы баланы сабап өлтүргөндүгү кабарланган.

Машыктыруучу 7 жашар баланы машыгуу учурунда сабап өлтүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2023-05-04 07:52:00
Журогум ооруп чыкты, Жайын жаннаттан болсун периште.Соз жок. Олтуруп эле жанын албай,шашпай соокторун сындырып кыйнаш керек бул горилланы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан