УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны тапшырды.
3-майда улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган Тoyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаа белекке тапшырды.
Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.
Айта кетсек Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.
Азыркы учурда улуттук көк бөрү оюну өтүп жаткан "Телтору" ат майданында коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып жатат.