Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар калаанын 2023-жылдын бюджетин кабыл алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришет.
Ага ылайык, бюджетти кабыл алууга катышкан 33 депутат добуш берди.
Ал эми бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолу 18 миллиард 390 миллион сомду түзөт.