Бүгүн Оштун кайсы аймагында электр жарыгы өчөт? График

Бүгүн, 4-майда Ош облусунун айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы берилбейт. Бул тууралуу "Ош электр тармактар" ишканасынан маалымдашты.

Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу экени кабарланды.

Ага ылайык, саат 09.00дѳн 17.00гө чейин төмөнкү аймактарында электр жарыгы өчөт:
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндө, Жаңы-Жол, Пахта, Арал, Киров, Бирлик, Манас, Жеңиш айылдарында;
Кара-Суу районунун Большевик, Калинин, Агартуу, Маданият, Ленин, Зарбалик, Мамажан айылдарында;
Ош шаарынын Кулматов, Исанов, Мирсаатов, Беш-Кепе, Ош, Мира, Исанов, Бабараимов, Кызыл-Аскер, Кара-Суу, Жаштар, Жим, Комаров, Нариман, Абдыразаков, Молдо Нияз, Гапар Айтиев (Курманжан Датка-Амир Тимур көчөлөрүнүн аралыгында), Курманжан-Датка (Кол Өнөрчүлөр-Абдыкадыров көчөлөрүнүн аралыгында), Ленин (Нурматов-Жунусов көчөлөрүнүн аралыгында), Панфилов, Алиев, Моминов көчөлөрүндө, Фрунзе, Амир-Тимур кичи шаарчаларында жана Озгур, Жапалак, Арек, Орке, Бирлешкен, Мээркан айылдарында.
Мекеме убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан