Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин ичинен үчөө шайлоого катышуу үчүн берген арыздарын чакыртып алышты. Алар:
Белгилей кетсек, 27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктаган. Ал эми шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 49ду түздү. Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы ирет 44 талапкердин тизмесин жарыялаган. 1-майда БШК документтердин толук пакетин 32 талапкер беришкенин (27 – эркек, 5 – аял) маалымдаган.
Эске салсак, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо 28-майда өтөт.