Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси болуп Марат Пирназаров дайындалды. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.
Тиешелүү жарлыкка кечээ, 3-майда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Пирназаров буга чейин 2020-жылы "Унаа" мамлекеттик ишканасын жетектеп, 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болгон.
Аталган кызматты буга чейин Улан Сарбанов жетектеп келген. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башчысы болду.