Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов спортту өнүктүрүү маселеси боюнча кайрылуу кылып, Кыргыз спортуна бөлүнүп жаткан каражаттар, машыктыруучуларга жана спортчуларга түзүлгөн шарттар боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында камактагыларга караганда спортчулардын тамак-ашына аз акча берилет.
"Буга чейин бир нече жолу спортту маданият министрлигинен бөлүү аракети көрүлгөн. Бир канча жолу жыйындар болду. Бирок премьер-министр бул сунушка макулдугун берген жок. Биз спортчулар машыккан залдарга, ошондой эле спорттук медицинага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурушубуз керек. 2008-жылы Чудинов премьер-министр болуп турган кезде токтом кабыл алынып, спортчулардын тамак-ашына деп 83 сом каралган экен. Ошондон бери абакта жаткандар күнүнө 250, ал эми Кыргыздын желеген желбиреткендер 83 сом бөлүнөт. Эмне үчүн бул сумманы көбөйтө албайбыз? Биз министрлер кабинетинин башчысына кат менен кайрылганыбыз менен ал башкаларга жөнөтөт. Ошон үчүн натыйжа чыкпай келет. Бизде бир эле спорт дарыгери бар, башка өлкөлөрдө болсо ар бир спортчунун дарыгери, психологу, диетологуна чейин камсыздалат”, - дейт эл өкүлү.
Мындан сырткары, депутат спорттук федерацияларга көмөк көрсөтүү, спортчуларды караган медицина кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселелерин көтөрдү. Ошол эле учурда депутаттарга спорт тармагын колдогон мыйзамдарды кабыл алып берүү жагын сунуштады.