Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-майдагы жыйынында эл өкүлү Винера Раимбачаева Чүйдүн Беловодск айыл өкмөтүнүн кызматкеринин сабалганын айтты.
"Бул боюнча мага кайрылышты. 4-5 монополист миңдеген гектар жерди ээлеп алышкан, бирок салыкты толук төлөбөй жатышат. Анысы аз келгенсип айыл өкмөттүн кызматкерин сабап салышкан. Денесинин баары көк ала. Бул кантип болот? Кантип? Аял кишини сабаса болобу?" – дейт депутат.
Раимбачаева парламенттин спикери Нурланбек Шакиевден бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны жүрүп жатат.