Елена Калашникова кылмыш иши тууралуу  Жогорку Кеңештин жыйынында билгенин айтты

Бүгүн, 4-майда туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү фондуна иш козголгонун анын жетекчиси Елена Калашникова Жогорку Кеңештин жыйынында билгенин айтты.

Ал козголгон иш боюнча кабары жок экенин, ага эч кандай айып тагылбаганын белгиледи.

"Тинтүү чындап эле кеңседе, үйдө менин катышуусумсуз жана кызматкерлерим менен жүргүзүлдү. Себеби белгисиз. Фонддун уставдык капиталы 1 миллиард сомду түздү", - деди Калашникова.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголуп, кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланган. Жолдун бойлоруна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган пунктуларды (Rest Point) курууда коррупциялык иштер болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан