Сербияда экинчи күн катары менен ок атуу болду. Каза болгондор бар

Сербияда көчөдө эле кайрадан ок атуу болуп, 8 киши каза болсо, 12 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 4-май күнү кечинде Сербиянын борборунан 60 чакырым түштүктөгү Дубона кыштагына жакын жерде болгон. Анда белгисиз адам жүрүп бара жаткан унаадан автомат менен ок чыгарып, качып кеткен. Бул окуяга 21 жаштагы бала шектелүүдө, учурда аны 600дөй полиция издеп жатат.

Ал мектептин короосунда бир топ адамдар менен урушуп, андан кийин автомат менен унаадан аткылаган.

Сербиянын ички иштер министри Братислав Гашич окуяны теракт катары баалады.

Эске салсак, 3-майда Белградда 14 жаштагы бала башталгыч мектептердин биринде ок чыгарган. Андан сегиз окуучу жана бир кароолчу каза болуп, дагы жети киши жарадар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан