Бейшемби күнү кечинде Украинанын куралдуу күчтөрү Түркияда чыгарылган украиналык Bayraktar учкучсуз учагын Киевдин үстүнөн атып түшүрүштү. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазып, видео менен бөлүшүштү.
Маалыматка ылайык, Украинанын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү болгон Bayraktar учкучсуз учагы башкаруудан чыгып кеткен. Мындан улам аппарат башкаларга зыянын тийгизбеши үчүн аны атып түшүрүү чечими кабыл алынган.
"4-майда саат 20:00 чамасында Киев облусунда пландалган учуу учурунда Bayraktar TB2 учкучсуз учуучу учак башкаруусун жоготкон. Борбор калаанын асманында учкучсуз учактын көзөмөлсүз калышы жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгондуктан, аппарат жок кылынды. Өкүнүчтүү, бирок бул техника жана ушундай болот”, - деп айтылат билдирүүдө.
Күжүрмөн иш-аракеттердин жана учкучсуз учактын сыныктарынын кулашынын натыйжасында жабыркагандар болгон жок.