"Дүйнө чемпиону кошулуп". Садыр Жапаров менен Инфантинонун командасы футбол ойноду (фото)

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино бүгүн, 5-майда Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Жоркаефф да ойноду.

Президенттик команда курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери ойношту.

Таймаштуу оюндун жыйынтыгында жолдоштук беттеште мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетишти.

Оюн аяктагандан кийин Жанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан