Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Женевадагы брифингде сүйлөп жатып 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясы аяктаганын билдирди.
"Кечээ өзгөчө кырдаалдар комитети 15-жыйынын өткөрдү жана мага COVID-19 пандемиясы токтогонун жарыялоону сунуштады. Мен бул сунушка макул болдум", - деген ал.
Ал ошондой эле пандемия учурунда ДСУнун маалыматы боюнча 20 миллион адам коронавирустан каза болгонун айтты.
Бул убакыт аралыгында ооруга чалдыккандардын саны 765 миллион 200 миң адамга жетти.
ДСУ 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Пандемия 3 жыл 1 ай 24 күнгө созулду.