Бүгүн, 6-май күнү таңга маал саат 06:30да Ош эл аралык аэропортунан "Эскерүү оту" — Кремлдин дубалындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оту алып келинди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында аталган эл аралык акциянын алкагында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылат.
Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан соң өлкөнүн башка шаарларына өткөрүлүп берилет.
Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү улутчулдуктан бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу болуп саналат.
Ош шаарына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арналган Өчпөс оттун бир бөлүгүн Бүткүл орусиялык «Элдик фронт» коомдук кыймылынын борбордук штабынын мүчөсү, Биринчи каналдын теле алып баруучусу Юлия Барановская («Мужское/Женское» программасы) телеалпаруучу жана блогер Екатерина Шугаева (НТВдагы "Биз жана илим" автордук программасынын алып баруучусу) алып келишти.