Буга чейин социалдык тармактарда 9-май Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына жалаң чет өлкөлүк согуш ардагерлеринин сүрөтү илингени айтылып, талкууга жем таштаган.
Өз кезегинде мэрия бул чагымчыл маалымат экенин билдирди. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча "Ала-Тоо" аянтына "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган 73 түбү кыргызстандыктардын сүрөтү илингенин билдирди.
"Социалдык түйүндөрдө "Ала-Тоо" аянтына жалаң европалык улуттагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын сүрөттөрүнүн коюлушу боюнча чагымчыл маалыматтар тарап жатат. Борбор калаанын мэриясы баннерлерде Советтер Союзунун 75 Баатырынын – Кыргызстандын түптүү жарандарынын сүрөттөрү экендигин билдирет", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.