Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Казакстанга тиешелүү узундугу 800 метр транзиттик тилкесинде казак тарап инженердик шлагбаумдарды орнотуп жатат. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап убактылуу көчмө спираль тосмосун орноткон. Казакстандын "Азия" жана "Достук" май куюучу жайлары Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн жабык. Ошол эле учурда транзиттик жолдун бөлүгү өзү жүрүү үчүн ачык бойдон калууда.
"2023-жылдын 4-майында кыргыз тарап менен макулдашуудан кийин Казакстандын Чек ара кызматынын чек арачылары аталган жолдун ачык тилкелерине өз аймагына инженердик шлагбаумдарды орното башташкан.
Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кирүү алдында эки тарапка кошумча жол белгилери жана транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалымат такталары орнотулду.
УКМКнын Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого чакырат, тактап айтканда: токтобой өтүүгө, адамдарды салууга жана түшүрбөөгө", - деп жазылат билдирүүдө.