Түркия аба мейкиндигин Армениянын VIP учактары үчүн жапты

Түркия аба мейкиндигин Армениянын VIP учактары, анын ичинде премьер-министр Никол Пашинянды тейлеген №1 учак ​​үчүн жапты. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 24TV телеканалына берген маегинде билдирди.

"Түрк аба мейкиндиги аркылуу күн сайын каттамдар жасалчу. Азыр биз аны жаптык, VIP учактар үчүн да жаптык, алар бизге таарынбасын. Пашиняндын учагы үчүн да аба мейкиндиги жабылды", - деген Чавушоглу.

Чавушоглу муну Ереванда "Немесис" операциясынын баатырларына арналган эстеликтин ачылышы менен түшүндүрдү. Анкара эстеликтин ачылышын "чагымчылдык" деп атады. Эстеликти орнотуу демилгеси "Немесис" тобунун мүчөлөрүнүн урпактарына таандык болгон.

Эске салсак, 29-апрелде Анкара алдын ала эскертүүсүз эле Flyone Armenia авиакомпаниясына Түркиянын аба мейкиндиги аркылуу Европага учууларды ишке ашырууга мурда берилген уруксатты жокко чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан