Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын президенти Владимир Путинден "Ахматтын" атайын күчтөрүнүн бардык бөлүктөрүн Бахмут шаарына "Вагнердин" ордуна жайгаштырууну суранып, кат жолдоду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Атайын аскердик операция зонасында түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Орусиянын коргоо министри С.К.Шойгуга жана Орусиянын Улуттук гвардиялык аскерлеринин Федералдык кызматынын директору Золотовго тапшырма берүүңүздү өтүнөм. Алар "Ахмат" күчтөрүн башка багыттардан чыгарып "Бахмутта" ээлеп турган "Вагнердин" позицияларын "Ахматка" өткөрүп берүү жөнүндө күжүрмөн буйруктарды чыгарсын", - деп жазылат катта.
Буга чейин "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин 10-майда "Вагнер" күчтрү Бахмуттан чыгып кетерин айткан. Ал мунун себебин ок-дарылар аз келип жатканы менен түшүндүргөн. Кремль Пригожиндин сөздөрүнө комментарий берүүдөн баш тарткан.