Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашты

Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу болуп, Украинанын 45 аскери мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак билдирди.

"Булар «Азовстальдын» 42 коргоочусу жана 3 коргоочу айымы. Алардын бардыгы тогуз жыл мурда Азовдун жээгинде түзүлгөн отряддын улуттук гвардиячылары. 35 катардагы сержант жана 10 офицер", - деп билдирди ал.

Ошондой эле Ермак туткундардын арасында Мариуполь шаарын коргоп жүрүп баш кошкондор бар экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги үч аскер учкучу кайтып келгенин билдирди.

"Бошотулган аскер кызматкерлери Орусиянын Коргоо министрлигинин медициналык мекемелерине дарылануу жана реабилитациялоо үчүн аскердик-транспорттук учактар ​​менен жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан