Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда расмий сапары менен Москва шаарына келди.
Президенттин администрациясынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Кыргызстан жана Орусиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Эске салсак, расмий сапардын алкагында мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.