Интернет колдонуучулары Карл III'түн таажы кийүү аземинде капюшон кийген сырдуу фигуранын чуркап өткөнүн байкап, талкууга алышууда.
Окуя Карл III'түн таажы кийүү расмий аземи учурунда болгон. Анда имараттын кире беришинде кара капюшон кийген, колунда таяк сыяктуу көрүнгөн бир фигура өтүп кеткен.
Азырынча анын ким экени расмий айтылган жок.
Айрым интернет колдонуучулары өтүп кеткен фигура ханбийке Диананын арбагы экенин жазышууда.
Белгилей кетсек, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия королдугунун Королу Карл III'түн таажы кийүү аземине Кыргызстандын атынан вице-премьер-министр Эдил Байсалов катышкан.